Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык мугалим З.Өмүркулов музыканын ыргагы менен сүрөт тартат (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылындагы мектептин 50 жаштагы мугалими Залкарбек Өмүркулов бала кезинен эле кыялын сүрөткө түшүрүп, чыгармачылык менен алектенип келет. Сүрөтчү менен аймактык кабарчы таанышты.

З.Өмүркулов 1967-жылы Баетов айылында төрөлгөн. Орто мектепти бүткөн 1990-жылы Ысык-Көл мамлекеттик университетинде окуп баштаган. Кийин Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебине жумушка орношуп, сүрөт, чийүү жана кол эмгек боюнча окуучуларга сабак берип келет.

«Бала кезимден эле сүрөт тартып келем. Сүрөт тартуу чоң чыгармачылыкты талап кылат. Андыктан эң биринчи эргүү келиши керек. Тагыраагы, жүрөгүңдө чыгармачылык ойгонуп, ал мээңе кирип, аны сүрөткө түшүрүп калуу керек. Көп учурда сүрөттү толкунданып отурганда тартам. Албетте, сүрөт тартуу учурунда тынчтык керек. Бул эмгектеримди айыл жеринде арзан сатам. Мисалы, орточо сүрөттөрдү 10 миң сомдон, чоңураактарын 14-15 миң сомго чейин баалап жүрөм.

Сүрөттү сөзсүз музыканын ыргагы менен тартам, ансыз тарта албайм. Ал эми, тарткан сүрөтүм оюмдагыдай болуп турса рахат алып, мен каалагандай болбой калса абдан кыйналам», - деди З.Өмүркулов.

Сүрөтчү эмгектерин республикалык деңгээлдеги фестивалдарга, көргөзмөлөргө алып чыкпаса дагы райондук, облустук деңгээлде өткөрүлгөн иш-чараларда көрсөтүп келет. Андан сырткары, өзү окутуп, билим берген бир катар окуучулары сүрөт тартуу боюнча республикалык сынактарда алдыңкы орундарды камсыздап жүрүшөт.

Өмүрлүк жубайы менен 27 жылдан бери бирге түтүн булатып, 2 уул, 2 кыздуу болушкан.

Залкарбек мырзанын экинчи уулу ата жолун жолдоп, сүрөт тартууга жөндөмдүү жана архитектура боюнча жогорку билимге ээ болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1412
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×