Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык мугалим А.Баратажиев жайкы эс алууда үйлөргө чатыр жаап иштейт (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 55 жаштагы мугалими Абдыкадыр Баратажиев жайкы эс алуу учурунда үйлөрдүн үстүн чатырлап, кошумча каражат табат. Устачылык өнөрү бар мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Баратажиев 37 жылдан бери Эсенгул Карасартов атындагы орто мектебинде дене тарбия сабагынан мугалим болуп эмгектенип келет.

«Ушинтип иштеп келе жатканыма 10 жылдан ашып калды окшойт. Бир үйдү 80 миң сомго чатырлайбыз. Жанымда өнөктөшүм бар. Мындан сырткары, жыгач устачылык менен алектенем. Бешик, каалга-терезелерди жасайм. Бирок, буйрутма түшкөндө гана жасап жүрөм. Бешикти 3 миң сомго чейин жасап келем. Бирок, кыргызда бешикти баасын айтуу туура эмес. Колунан чыкканын алыш керек.

Үйлөрдүн үстүн заманбап чатырлоону көптөгөн жаштарга үйрөттүм. Негизи үйдүн үстүн профнастил жана ондулин каражаттары менен жапсаң бышык болот. Темир листтер анча деле жакшы болбойт», - деди А.Орозалиев.

Устачылык менен алектенген мугалим спорттун эркин күрөш түрү менен машыгып, көптөгөн мелдештерде жеңиштерге жетишкен. Ошондой эле, ал тарбиялап, машыктырган бир катар спортчулар эркин күрөш боюнча чебер болушту. Мына ушундай ишиндеги жетишкендиктери үчүн мектептин грамоталарынан тарта Билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамоталарын алган.

Анын 3 уул, 1 кызы бар. Жубайы Элмира Абдрахманова дагы Шүкүрбек Бейшеналиев атындагы орто мектебинде музыка мугалими болуп эмгектенип келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1495
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×