Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык айдоочу Д.Орозалиев «Москвич» менен жайлоого чейин каттайт (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 59 жаштагы тургуну Дүйшөнаалы Орозалиев 10 жылдан бери таксист болуп иштейт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы айдоочудан кабар алды.

Өзүнүн айтымында, СССР учурунда тракторист, кийин автобазада 20 жыл айдоочу болуп эмгектенген. Союз тарап, жумушсуздук күч алып турган кезде алгачкылардан болуп таксист катары жердештерине кызмат кыла баштаган.

«Үйгө жатып албай, «Москвич» унаам менен 10 жылдан бери таксист болуп эмгектенип келем. Айыл ичинде эл гана ташыбастан ар түркүн жүктөрдү тартам. Жайлоого чейин жалдап кетишет. Өзүм пенсия алам. Райадминистрацияда кароолчу болуп дагы эмгектенип баштаганыма 1 жылдын жүзү болуп калды. Элдин капчыгына жараша иш кылабыз. Алкымды созбойбуз, кыянаттык кылуу деген болбойт. Ашыкча каражат сурабайбыз», - деди ал.

Айдоочу мындан тышкары мал чарбачылык, багбанчылык менен дагы алектенет. 3 уул, 3 кыздын атасы. Жубайы Айчүрөк Калыкова почтада кассир болуп иштейт.

Д.Орозалиев 2016-жылы унаасы менен банктан почтага пенсионерлердин каражатын алып келе жатып, почтанын алдынан кол салууга дуушар болгон. Тоноочуга каражатты тарттырып жибербей, сактап калган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 936
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:18,   19.09.2017   ( 3 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу