Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык уста Р.Орозалиев жасаган сандыктар Казакстанга чейин сатылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Баетов айылынын 39 жаштагы тургуну Рысбек Орозалиев бала кезинен бери жыгач устачылык менен алектенип келет. Устанын эмгектерин аймактык кабарчы көрүп келди.

Р.Орозалиев Бишкек шаарындагы жыгач иштетүүчү цехтерде 18 жыл иштеп, жасаган сандыктары Казакстанга чейин сатылган. Учурда ал Баетов айылына келип, короосуна чакан устакана ачып, сандыктарды жасоодо.

«Өз өнөрүңдү өркүндөтүү үчүн жеке иш кылыш керек экен. Атам устачылыкты бул жактан дагы кылсаң болот деп, айылга чакырып алды. Учурда сандыктарды буйрутма менен гана жасап жатам.
Негизги көйгөйүм — станок. Анткени, шаардан чоң-чоң күчтүү станоктор менен иштеп, бир күндө 2 сандыкты жөн эле жасап койчумун. Бул жактан иш жай болуп жатат. Бир сандыктын баасы шаарда 12 миң сом болсо, айыл жергесинде элдин капчыгына жараша 7-8 миң сомго эле баалап жатам», - деди ал.

Айылга келип устачылык менен алектенип баштаган Р.Орозалиев цех ачууну пландап жатат. Бирок, ага бир топ каражат сарпталарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1587
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×