Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Дөбөлү айылында ФАП курулду

Turmush -  Нарын районунун Дөбөлү айылындагы ФАПтын жаңы имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Дөбөлү айыл өкмөтүнүн башчысы Улан Алсеитов билдирди.

Анын айтымында, жаңы имаратты арабдар куруп, бирок ФАПтын айланасын тосуу, ичине жылуулук киргизүү, канализация жана ажаткана куруу иштерин айыл өкмөт мойнуна алган.

«ФАПтын эски имараты кичинекей болгондуктан кыйынчылыктар болуп келген. Азыркы салынган имарат 5 бөлмөдөн туруп, кызматкерлер бейтаптарды кабыл алууга ыңгайлуу шарттар түзүлдү», - деди У.Алсеитов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 847
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×