Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Нарын

Айыл турмушу: Сүрөтчү Г.Имирова бала бакчанын дубалдарына жомоктор дүйнөсүн түшүрөт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эчки-Башы айылынын 31 жаштагы тургуну Гүлжамал Имирова айылдагы бала бакчада ашпозчунун жардамчысы болуп эмгектенет. Ал мындан тышкары бала бакчаны кооздоо, жасалгалоо иштерине активдүү катышат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Гүлжамал айымдын айтымында, көп жылдан бери сүрөт тартканга кызыгып, кол өнөрчүлүк менен да алектенип келет.

«Менин апам сүрөттү абдан жакшы тартчу. Аны көрүп мен дагы кызыгып, 11 жашымдан сүрөт тарта баштадым. 2 жылдан бери айылыбыздагы «Абдылда» ата бала бакчасында ашпозчунун жардамчысы болуп иштеп, аны менен бирге балдарга жагымдуу маанай тартуулап, дубалдарга жомоктор дүйнөсүн чагылдырып, азем белектерди жасап келем. Сүрөт тартуудан сырткары кол өнөрчүлүк менен алектенип, кошумча киреше табам. Боз үйдүн жасалгаларын, шырдак, көлдөлөң жана азем белектерди жасап, алардын ар бирин 500 сомдон жогору баалайм. Бул кол өнөрчүлүктү апамдан кичинекей кезимде үйрөнүп, азыр кыздарымдын себин камдап жатам», - деди ал.

Г.Имирова жолдошу С.Бобоев менен баш кошконуна 14 жылдын жүзү болду. Алардын 2 кыз, 1 уулу бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1817
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×