Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык балбан Ж.Турдубеков эр эңиш боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү болду (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын 31 жаштагы тургуну Жекшенбек Турдубеков бала кезинен эр эңиш менен машыгып, 10 жылдан бери ири мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келе жатат. Балбан менен аймактык кабарчы маектешти.

Жекшенбек Турдубеков 1986-жылы Жаңы-Талап айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү, кесиби инженер-эколог. Атасы Абысейит Турдубеков мугалим болуп иштесе, апасы Анипа Турдугазиева эмчи айым болуп эмгектенген.

«Эр эңишке бала кезимден кызыгып, ошондон бери машыгып келем. Акыркы 2 жылдын ичинде республикалык деңгээлдеги мелдештерге катышып, байгелүү орундарды багындырдым. Эр эңиште билекте күч жана ат үстүндө шамдагай болуш керек. Кармашуу учурунда 60% аттын күчүнө таянабыз. Ошондуктан алдыңдагы атың мыкты болушу зарыл. Антпесе, жеңүү кыйынга турат. Мелдештерге баруу үчүн аттарыбызды автоунаага жүктөйбүз. Ага каражатты өзүбүз табабыз же айыл өкмөт жардам берет. Болбосо башка каражат деле жок», - деди балбан.

Эр эңиш менен гана чектелбеген Ж.Турдубеков буга чейин жайыт комитетинде 2 жыл эмгектенген. Ал эми жогорку окуу жайда окуп жүргөндө шахмат боюнча студенттер арасында чемпион болгон.

Үй-бүлөдө 3 бир туугандын кичүүсү болгон Жекшен учурда 2 уул жана 1 кыздын атасы. Колуктусу Наргиза Саткынова мектепте мугалим болуп эмгектенип келет.

Жекшенбек Турдубековдун эр эңиш боюнча мелдештерде алган сыйлыктары:

- 2016-жылы С.Чокморовдун жана Ү.Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган мелдеште 1-орун;
- 2016-жылы «Нооруз-2016» республикалык деңгээлде өткөн мелдеште 75 кг салмактагылар арасында 2-орун;
- 2016-жылы Тайлак баатырдын 220 жылдык мааракесинде 70 кг салмактагылар арасында 1-орун;
- 2017-жылы Бишкек шаарындагы С.Чокморовдун жана Ү.Кудайбергеновдун жаркын элесине арналган мелдеште 60 кг салмактагылар арасында 1-орун;
- 2016-жыл Кытайда өткөн Азия биринчилигинде 3-орун;
- 2017-жылы Эр эңиш федерациясынын кубогунда 1-орунду ээлеген.

Мындан тышкары, райондук, облустук мелдештерге тынымсыз катышып, алдыңкы орундарды ээлеп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1164
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу