Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 18-декабрь
69.75    82.18    1.18    KZT 0.21
Нарын

Нарын районунда 13 мектеп авариялык абалда турат

Turmush -  Нарын районунда 13 мектеп авариялык абалда турганын райондук билим берүү бөлүмүнөн М.Кожоканов аймактык кабарчыга билдирди.

Анын айтымында, авариялык абалдагы бардык мектептердин жаңы имараттарынын курулуштары 2017-2020-жылдардагы планга киргизилген. Мындан тышкары, райондун Шоро, Орук-Там, Өрнөк айылдары бала бакчага муктаж. Ал эми, Ак-Кудук, Кайыңды жана Алыш айылдарындагы бала бакчалар менчик үйдө, Эмгек-Талаа айылындагы бала бакча мектептин бир жак тарабында жайгашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 741
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×