Бөлүмдөр
Шаршемби, 20-июнь
Нарын

Ак-талаалык 5 балбан эр эңиш боюнча республикалык мелдеште алдыңкы орундарды багындырышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун 5 балбаны Эр эңиш федерациясынын президентинин кубогунда байгелүү орундарды алышты. Бул тууралуу райондун спорт инструктору Мирбек Чырмыев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 21-22-июль күндөрү Чүй облусунун Сокулук районунун Белек айылында өткөн эр эңиш боюнча мелдешке Ак-Талаадан 6 балбан катышып, анын бешөө алдыңкы орундарды камсыздап келишкен. 60 кг салмактагылар арасында Жаңы-Талап айылынан Жекшенбек Турдубеков 1-орунду багындырып, 20 миң сом, 2-орунду ээлеген Балбай Айдарбеков 15 миң сом, 3-орунду алган Урмат Шеримбеков 10 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланышты.

Ал эми, 70 кг салмактагылар арасында ушул эле айылдан Элеман Курманбек уулу 1-орунду алып, 15 миң сом жана 80 кг салмактагылар арасында 1-орунду ээлеген Ислам Бердибек уулу 20 миң сом сыйлык алышты.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1423
Көп окулду
×