Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Китепканачы О.Кашкарова «Жылмайган адам» наамына ээ болду (фото)

Turmush -  Нарын шаарынын 64 жаштагы тургуну Орозбүбү Кашкарова көп жылдан бери китепканада эмгектенет. Ал окурмандарына дайыма жылмаюу тартуулап жүрүп, «Жылмайган адам» наамына ээ болгон. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

О.Кашкарованын айтымында, Нарын шаарынын ГАЗ чарбасында оператор жана Нарын шаардык кеңешинин депутаты, комсомол уюмунун катчысы болуп эмгектенген.

«Мен 1981-жылы азыркы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде филология факультетинин китепкана бөлүмүндө китепканачы адистигин бүтүргөм. 1977-жылдан 1996-жылга чейин Нарын шаарындагы ГАЗ чарбасында оператор болуп эмгектенгем. 1981-жылы Нарын шаардык кеңешинин депутаты, 1982-1983-жылдары комсомол партиялык уюмунун катчысы болгом. ГАЗ чарбасы жоюлуп кеткенден кийин 1996-жылы Нарын шаарындагы С.Орозбаков облустук китепканасына алгач катчы, балдар бөлүмүндө китепканачы болуп, андан соң сурап билүү жана нанос бөлүмдөрүндө иштедим. 2006-жылы Нарын шаардык Ж.Коңурбаева китепканасына жумушка киргем. 2012-жылдан бери ушул эле китепкананын тейлөө бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келем», - деди ал.

Орозбүбү эже көптөгөн облустук, райондук сыйлыктарды алган.

«Газ чарба башкармалыгынын ардак грамотасы, 1996-жылы облустук китепканада эмгектенип жүргөндө шаардык мэриянын, облустук администрациянын дипломдору менен сыйланып, 2013-жылы Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин ардак грамотасы менен сыйлангам. Ошондой эле, Нарын шаардык бириккен аскер комиссариатынын ыраазычылык катын, Нарын облустук коомдук-саясий "Теңир-Тоо" гезитинин "Жылдын мыкты китепканачысы", Нарын облустук "Теңир-Тоо" айымдар конгрессинин "Өмүрлүү өрнөк жубайлар" наамдарын алып, 2016-жылы калкты тейлөө Нарын жаштар уюмунун "Жылдын жылмайган адамы" наамын алдым», - деди ал.

О.Кашкарова китепканада окурмандары менен бирге көптөгөн иш-чараларды өткөрүп, аларды патриоттуулукка тарбиялоо максатында жыл сайын ардагерлер менен окурмандардын жолугушуусун уюштурат.

«Китепканада иштегенден бери жыл сайын окурмандар менен бирге иш-чараларды өткөрүп келем. Келген окурмандардын табитине жараша китептерди таап берем. Окурмандар бири-бири менен сый мамиледе жана бир туугандай болуп калышкан», - деди ал.

Жолдошу С.Асаналиевге 1977-жылы турмушка чыккан. Алардын 2 уулу жана 9 небереси бар. Жолдошу Нарын шаардык күзөт бөлүмүндө башкы инженер, эки уулу милиция кызматкери болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 767
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×