Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Жаш хирург Мирлан Жумгалдагы ооруканада түнөп иштейт (фото)

Turmush -  Өз кесибин сүйүп, элдин ден соолугуна кам көрүп келе жаткан 27 жаштагы Мирлан Курманбек уулу 1,5 жыл мурун Жумгал районуна жаш дарыгерлердин депозити программасы менен келген. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мирлан 1990-жылы Ат-Башы районунун Баш-Кайыңды айылында төрөлүп, Бишкек шаарында өскөн. Ал 2014-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын хирургия факультетин бүтүрүп, 2 жыл №1 шаардык оорукананын хирургия бөлүмүндө кесипкөй профессорлордон тарбия алып, 2016-жылы клиникалык ординатураны аяктаган. Ушул эле жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан жаш дарыгерлердин депозити программасы аркылуу Жумгал райондук аймактык ооруканасынын хирургия бөлүмүнө келген. Андагы келишим менен бул жерде 3 жыл иштейт.

Мындай дарыгерлерге жергиликтүү бийлик тарабынан турак жай маселеси чечилбей, шарт түзүлбөгөндүктөн Мирлан Курманбек уулу ооруканада түнөп иштегенге аргасыз.

Ал 4 бир туугандын экинчиси. Атасы Курманбек Дүйшалиевдин кесиби чек арачы, ал эми апасы Жийдекан Атабекова пенсионер.

«Биз атайын келишимдин негизинде жаш дарыгерлер депозити менен келип иштеп жатабыз. Ишим жакшы, бул кесипти сүйүп иштейбиз. Өз учурунда бейтаптарга алгачкы жардамдарды берип, алардын ден соолуктарына кам көрөбүз.

Жумгал районунун эли ынтымагы, боорукерлиги менен айырмаланат экен. Бул жерде турак жай маселеси абдан оор. Батирге чыгалы десек батирлер жок. Жалгыз бой адамга үй да табылбайт экен. Мындан улам ооруканада жатып иштейм. Депозит программасы менен келген дарыгерлерге жергиликтүү бийлик турак жай маселесин чечип же шарт түзүп бериши керек эле. Бул маселе каралбайт экен», - деди М.Курманбек уулу.

Буга чейин маалым болгондой, Жумгал районуна 5 жаш дарыгер келсе, анын экөө турмуш шартка байланыштуу кайра кетип калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6583
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу