Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Кочкордо «Нива» унаасы сууга түшүп кетип, 2 адам каза болду

Turmush -  Кочкор районунун Сары-Булак айыл аймагындагы Ак-Кыя айылында унаа менен кошо сууга түшүп кеткен 2 адамдын денеси табылды. ӨКМдин билдирүүсү боюнча, авария Кочкор—Арчалу унаа жолунун 55-чакырымында болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, «Нива» үлгүсүндөгү унаа көпүрөдөн Кара-Кужур суусуна кулап кеткен. Унаанын ичинде 1 аял, 1 эркек киши болгон. Учурда алардын аты-жөнү такталып жатат. Суудан чыгарылган денелерди куткаруучулар Кочкор райондук ооруканасынын тез жардам кызматынын дарыгерлерине өткөрүп беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1811
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×