Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Нарында волейбол боюнча республикалык турнирдин  жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Насирдин Турсунбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык турнир жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Н.Турсунбаевдин иниси Равшан Турсунбаев билдирди.

Маалым болгондой, турнирдин жыйынтыгында Чүй облусунун командасы жеңүүчү деп табылып, демөөрчүлөр тарабынан 25 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды. Ал эми, 2-орунду алган Ысык-Көл облусунун командасына 15 миң сом, 3-орунду ээлеген Жалал-Абал облусунун командасына 10 миң сом, 4-орунду алган Нарын облусунун командасына 5 миң сом берилди. Облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгы жеңүүчүлөргө тиешелүү даражадагы диплом жана медаль тапшырды.

Ошондой эле, Нарын облусунун командасынан Таалай Исмаилов, Ысык-Көл облусунун командасынан Урумбек Исмаилов, Жалал-Абад облусунун командасынан Сабыр Темиркулов, Чүй облусунун командасынан Абыкан Кадыралиев жана Арстан Кулмурзаев «Мыкты оюнчу» наамына ээ болуп, акчалай сыйлык, баалуу белектерди алышты. Мындан сырткары, 10 оюнчуга уюштуруучулар тарабынан миң сомдон акчалай сыйлыктар берилди. 

Тема боюнча: Нарында волейбол боюнча республикалык турнир башталды (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1259
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×