Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 28-май
Нарын

Нарында волейбол боюнча республикалык турнир башталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында  Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Насирдин Турсунбаевдин жаркын элесине арналган волейбол боюнча республикалык  турнир башталды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, 50 жаштагы эркектер арасында өтүп жаткан мелдешке Чүй, Нарын, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан жана Бишкек шаарынан келген командалар катышууда.

Турнирдин ачылышында Нарын шаарынын мэри Эмил Алымкулов, шаардык кеңештин төрагасы Ж.Ботоканов жана Кыргызстандын волейбол федерациясынын вице-президенти Жеңишбек Кызалаковдор куттуктоо сөздөрүн айтышып, спортчуларга ийгиликтерди каалашты.

Мелдештин жыйынтыгында жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар, тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар жана оюнчуларга баалуу белектер тапшырылат.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1643
Көп окулду
×