Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Нарындык А.Кубанов чанач жасоонун сырлары менен бөлүштү (фото)

Turmush -  Нарын районунун Эмгекчил айылынын 28 жаштагы тургуну Алмазбек Кубанов 16 жашынан бери чанач жасап келет. Ал азыркы учурда чаначты жасоо ыкмасын мыкты өздөштүрүп алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Алмазбектин айтымында, чаначтарды жасоонун сырларын атасы Султек Кубанов үйрөткөн.

«Атам Султек Кубанов жаш кезинде жайлоого мал багып чыгышчу. Кымыз куйган чанач, саба жасачу. Аларды башкаларга да жасап берчү. Мен эс тартып калганда 16 жашымда атам жанына отургузуп алып, чанач жасоону башынан аягына чейин үйрөттү.

Буга чейин 100дөй чанач жасагам. Азыр дагы жасала турган 20дай чаначым бар.

Чанач оңой көрүнгөнү менен жасоого келгенде түйшүктүү, убакытты көп талап кылат. Сапаттуу чаначтар бир жарым ай дегенде даяр болот», - деди.

Чанач эчкинин, ал эми саба уйдун туюк терисинен жасалат. Алмазбектин билдиргенине караганда, бул эки буюмдун жасалышы бирдей.

Чанач жасоо ыкмасы:

1. Эчкинин териси туюк сыйрылып алынат;

2. Сыйрылып алынган теринин жүнү устара менен кырылат;

3. Тери үч күндөй көлөкөгө тоборсуп жайылат. Эгерде тери катуу кургап кетсе, анда айран, сүт менен жумшартылат. Көпкө туруп кургаган терини ашатуу керек;

4. Талкуга (арча же карагайдан жасалган жумшарткыч) салынат;

5. Карагайдын тоо бурчагына бир ай бою күнү-түнү тынымсыз жай ышталат. Эгер катуу от жагылып кетсе, анда ыш теринин ортосуна жетпей катып калат;

6. Чаначтын бучкактары жана түбү чыйратылган жиптен же тарамыштан милте (жээк) коюлуп тигилет;

7. Тигилген чаначтын ичине суу куюп, 2-3 күн коюлат;

8. Суусу төгүлгөндөн кийин кайрадан 2 саат жакшы ышталат;

9. Толугу менен ышталган чаначтын ичине сары май сүйкөлөт;

10. Сары май сиңип, даяр болгон чаначка кымыз куюлат.

Чанач жалгыз сатылбайт. Ага саба, кулундун 7 ноктосу, желе кошулуп берилип, бир бодо малга бааланат.

Алмазбек мындан сырткары булгаарыга сүрөт түшүрүү боюнча 10 күндүк окууну аяктап, сертификат алган. Учурда үй-бүлөлүү, 2 кыздын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1396
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×