Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-июнь
Нарын

Нарында кичи футбол мелдеши өттү

Turmush -  7-8-июлда Нарын шаарында Ташболот Токтосунов атанын өтмө кубогу үчүн Нарын облусунун кичи футбол боюнча ачык мелдеши өттү.

Мелдешке 8 команда катышып, жыйынтыгында 1-орунду «Чыгыш электр» командасы ээлеп, кубок, диплом, медалдар, 5000 сом жана 1 кой менен сыйланды. 2-орунду «Ала-Тоо» командасы ээлеп, диплом, медаль, 3000 сом жана 1 козу алды. 3-орунду «НХЛ» командасы багындырып, диплом, медаль, 2000 сом жана 1 козу менен сыйланды. Ошондой эле, мыкты дарбазачы Халилов Руслан («Чыгыш электр»), мыкты оюнчу Токоев Хамит («НХЛ»), мыкты бомбардир Баякунов Таалайбек («НЖЧЭТИ») баалуу сыйлыктар менен сыйланышты.

Ат-Башыдан келген «Ача-Кайыңды» командасы жана аксакал күйөрман деп Абдрахим ата дагы акчалай сыйлыктарга ээ болду.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1215
Көп окулду
×