Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарындагы Эмгекчил айылынын 30-40 тургуну «Кыргызалтындын» кампасын тоноого аракет кылышты

Turmush -  Нарындагы Эмгекчил айылына жакын жайгашкан «Кыргызалтын» ААКтын кампасын тоноого аракет кылган жергиликтүү тургундар кармалды.

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсү боюнча, 8-июлда 30-40 адам «Кыргызалтын» ААКтын Солтон-Сары кениндеги филиалынын кампасына кирип, алтын рудаларын жеке унаалары менен ташып кетүүгө каракет кылышкан. Аларды Оттук айылындагы милиция кызматкерлери өз убагында токтотуп калууга жетишти.

Бул факты боюнча Нарын ОИИБдин тергөө бөлүмү КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 167-беренесиндеги 2-3-4-бөлүмдөр менен (уюшкан кылмыштуу топ менен ачык түрдө башка бирөөнүн мүлкүн тартып алуу же талап-тоноочулук) кылмыш иш козголду. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшү менен ОИИБдин кызматкерлери бул ишке тиешеси бар деген шек менен Эмгекчил айылынын 23 жашоочусун кармады. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Бул окуядан кийин тиешелүү мамлекеттик органдардын кызматкерлери, жергиликтүү бийлик, айылдагы жашоочулар жана «Кыргызалтын» ААКтын өкүлдөрүнүн катышуусунда жыйын өтүп, коомдук коопсуздукту сактоо үчүн бул аймакта күн-түнү менен күзөт кызматын уюштуруу чечими кабыл алынды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2977
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×