Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Нарында кичи футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Нарын шаарында СССР спортунун чебери Ташболот Токтосуновдун өтмө кубогуна арналган кичи футбол турниринин жеңүүчүлөрү аныкталды. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдиргендей, турнирдин финалдык туруна чыккан Нарындын «Чыгыш электр» ишканасынын командасы Бишкектен келген «Ала-Тоо» командасын 3:1 эсебинде жеңилүүгө аргасыз кылды.

Мелдештин жыйынтыгында, «Чыгыш электр» ишканасынын командасы 1-орунду ээлеп, кубок, медаль, 1-даражадагы диплом, бир кой жана 5 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды. 2-орунду алган «Ала-Тоо» командасына медаль, диплом, бир кой жана 3 миң сом, ал эми 3-орунду алган НХЛ командасына медаль, диплом, бир кой жана 2 миң сом акчалай сыйлык тапшырылды.

Ошондой эле, «Чыгыш электр» ишканасынын оюнчусу Руслан Халилов «Мыкты дарбазачы», НХЛ командасынын оюнчусу Хамид Токрев «Мыкты оюнчу», НЖЧЭТИ командасынын оюнчусу Талантбек Баякунов «Мыкты чабуулчу» деп табылып, диплом жана баалуу белектер берилди.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 639
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу