Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Нарындык ардагер мугалим А.Шаршееваны жердештери таланттуу оймочу катары таанышат (фото)

Turmush -  Нарын районунун Жерге-Тал айылынын 68 жаштагы тургуну Асбүбү Шаршеева 30 жыл мектепте мугалим болуп иштеп жүрүп, кол өнөрчүлүк менен да алектенген. Ал учурда аталган айылдын мыкты оймочусу. Асбүбү апанын эмгектерин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы көрүп келди.

Өзүнүн айтымында, учурда айылдагы келиндердин көпчүлүгүнө оюлардын түрүн чийүүнү жана аны кесүүнүн ыкмаларын үйрөтүп келет.

«Мен үйүмдөгү бардык шырдактарымды, кыздарыма берген септи да өз колум менен жасагам. Өзүм Нарын районуна караштуу Оттук, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айылындагы мектептерде сүрөт тартуу жана чийүү сабактарынан 30 жыл мугалим болуп иштедим.

Мугалим болуп иштеп баштаганда эле бул кол өнөрчүлүктү чогуу алып кеттим. 90% айылдын келиндеринин шырдактарына ою салып бергем. Азыр болсо көпчүлүк кыз-келиндерге ою чийүүнү, кесүүнү, шырдакты туура жасоонун ыкмаларын үйрөтүп келем», - деди ал.

Асбүбү апа оюларды башкалардан көчүрүп албай, өзүнүн эптүүлүгү менен өзгөчөлөнтүп жасайт.

«Мен ушул убакка чейин бирөөнүн жасаган оюсун көчүрүп алган эмесмин. Жада калса, өзүмдүн салган оюларымды да барак бетине тартып албайм. Бир оюм экинчисине окшобойт. Ар бир оймодо айырма болот. Кээ бир келиндер менин салып жаткан оюларымды сүрөткө тартып кетип окшоштуруп жүрүшөт», - деди оймочу.

Асбүбү апага Кара-Чий, Жалгыз-Терек айылындагы тургундар келип, кийиздерине ою түшүртүп кетишет. Оймочу мындан тышкары түймө дагы түйөт.

«Мени 3 айылдын уз келиндери аябай жакшы таанышат. Ар дайым шырдактарына оюларды салдыртып кетишет. Мен ою салуудан башка шоона, шырдактын жээгине жана жөрмөөгө кете турган жиптерди даярдап сатып, түймө дагы түйөм», - деди ал.

Асбүбү апа жолдошу Шайлообек Күрманкулов менен бирге өмүр сүрүп келе жатканына 40 жылдын жүзү болду. Алардын 4 кыз, 2 уулу жана 16 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 658
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу