Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык Ж.Макеев үй-бүлөсү менен эс алуучу жай ачып, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп жатат (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Ак-Чий айылынын 32 жаштагы тургуну Жоомарт Макеев жол жээгине эс алуучу жай ачып, жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ишкердин үй-бүлөсү жолдун жээгине бир боз үй, чатыр тигишкен. Эс алууга келгендерди тамак-аштын түрү, кымыз жана башка суусундуктар менен сыйлап, өзгөчө кызмат көрсөтүшөт.

Шишкебекти даамына чыгара жасаган Улан Турдукеев, ал эми тамак-аштардын түрүн жасап, меймандарды жылуу маанайда тосуп алган ашпозчулар Мээрим Теңирбердиева менен Жеңишгүл Сапанова жүргүнчүлөргө атайын самоорго чай кайнатып беришет.

«Аз да болсо кардарларыбыз көбөйүп, шишкебекке буйрутмалар түшүп баштады. Бир койдун эти 3 күнгө жетет. Шишкебек жарым саат же бир саат ичинде даяр болот.

Албетте, минтип күндүн ысыгында оттун жанында шишкебек бышырсаң кыйналасың. Бирок, иштеш керек. Кыйынчылыгы жок иш болбойт», - деди У.Турдукеев.

Ж.Макеев келечекте туристтерди кабыл алуучу жай ачууну пландап жатканын кошумчалады. 

«Бул жерди өткөн жылы эле ачкам. Бирок, жаратылыш кырсыгы болуп, боз үйдү, болгон оокатты сел агызып кетип, чыгымга учурагам. Азыр кудайга шүгүр, Тогуз-Торо районунан Бишкекке, Нарынга же Бишкектен, Нарындан Тогуз-Торо районуна каттаган жүргүнчүлөр каалаган тамагын ичип, эс алып турушат. Бул жерде 4 адам жумуш орундары менен камсыз болгон», - деди Ж.Макеев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу