При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 21-август
68.74    80.76    1.16    KZT 0.21

Нарындын Айгыр-Жал аймагынан таш дооруна таандык турак жайдын калдыктары табылды (фото)

Turmush -  Нарын шаарына жакын жайгашкан Айгыр-Жал аймагынан орто кылымга чейинки археологиялык эстеликтер табылууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Борбордук Азиядагы Америкалык университетинин антропология программасы менен иштеген археолог Аида Абдыканова билдирди.

Анын айтымында, таш дооруна таандык деп божомолдонгон турак жайдын калдыктарын казуу иштери жүргүзүлүүдө.

«Учурунда бул аймакта Бернштам дагы археологиялык изилдөөлөрдү жасап, коло дооруна таандык ондон ашык көрүстөндөрдү ачып кеткен экен. Кийин дагы археологиялык изилдөө иштери уланып, коло доорунан баштап түрк дооруна чейинки 80 көрүстөн табылган.

Айгыр-Жал аймагында казуу иштери жүрө турган үч дөңсө бар. Алар бири-биринен өтө алыс эмес жайгашкан. Азыркы учурда казуу иштери 2-дөңсөдө жүрүп жатат. Анын жалпы узундугу 300 метр, туурасы 100 метрди түзөт. Бул дөңсө үч катмардан, үстүңкү катмары чоподон, экинчи катмары кум аралаш топурактан, үчүнчүсү шагыл таштан турат.

Бул жерден ортоңку таш доору – мезолит мезгилине таандык, башкача айтканда биздин заманга чейинки 13-14 миңинчи жылдары жашаган адамдардын турак жайы табылды. Буга чейин Орто Азиядагы жана Кыргызстандагы таш дооруна таандык мындай чоң турак жай ачылган эмес.

Ошондой эле, археологиялык изилдөө иштери жүрүп жаткан аймакта мезолит доорунан баштап хундардын доорундагы адамдар жашаптыр», - деди А.Абдыканова.

Чет жактан келген изилдөөчүлөр, буга чейин аталган аймакка Ала-Мышык тоосунан чоң көчкү түшүп, тарыхый эстеликтер талкаланып, азыркы казуу иштери жүрүп жаткан үч дөңсө гана калган деген тыянактарын айтышкан.

«Буга чейин көрүстөндөрдү казып, коло доорунда ардакталып өрттөлүп көмүлгөн сөөктөрдүн күлдөрүнүн жана карапа идиштердин, билериктердин, сөйкөлөрдүн калдыктарын тапканбыз. Ал эми, азыркы табылган турак жайдын калдыктарына таң калып жатабыз. Себеби, "чын эле таш доору убагында турак үйлөр болгонбу?" деген суроонун жообу бизге азырынча белгисиз. Бирок, казуу иштериндеги табылгалар таш дооруна таандык болуп жатат», - деди ал.

Айгыр-Жалдагы казуу иштери 2012-жылы башталып, жыл сайын жай айларында жүргүзүлүп келет. Быйыл бул аймакта казуу иштери 30-июлга чейин созулат.

Бул казуу иштерин 2012-жылдан бери Борбордук Азия университети каржылап келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3708
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу