Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Мугалим А.Турдалиева мультфильмдеги каармандарды кагаз бетине түшүрөт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын 27 жаштагы тургуну Асел Турдалиева 5 жылдан бери «Өрнөк» балдар чыгармачыл билим борборунда сабак берип, андагы окуучулары менен бирге көптөгөн кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мугалимдин айтымында, 2016-жылга чейин кыздарга бий үйрөтүп жана чопо чоор, кыл кыяк, комуздан, вокалдан балдарга сабак берип келген.

«Мен 2009-жылы М.Күреңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайын кызыл диплом менен аяктап, Б.Бейшеналиева атындагы маданият жана искусство университетинин сырттан окуу бөлүмүнө тапшырып, аны 2016-жылы бүттүм. 2012-жылдан бери Жерге-Тал айылынын "Өрнөк" балдар чыгармачыл билим борборунда сабак берип, окуучуларым менен бирге "Жаш талант" кароо-сынагына катышып, көптөгөн байгелүү орундарга ээ болдук. Райондук кароо-сынактарда комуз боюнча дайыма баш байгени алсак, облустук кароо-сынактардан экинчи жана үчүнчү орундарга ээ болуп, баалуу белектерди алып келебиз. Мындан сырткары, 2016-жылга чейин балдарга бийден сабак берип, көптөгөн сынактардан 1-орундарды жеңип алдык», - деди ал.

А.Турдалиева сабак берүүдөн тышкары сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк менен алектенип, буйрутма менен кийим тигет.

«Мектепте окуп жүргөндө эле сүрөт тартчумун. Көп учурда мультфильмдердеги ар кандай образдагы каармандарды тартам. Ошондой эле, кол өнөрчүлүк менен алектенип, кийизден түрдүү азем белектерди жасап, буйрутма аркылуу кийимдерди тигем», - деди ал.

Асел айым Талас районуна караштуу Сасык-Булак айылында өскөн. Ал үй-бүлөдө 4 бир туугандын улуусу.

Кол өнөрчү нарындык жигитк А.Касымбековго турмушка чыккан. Ал куш таптап, зергерчилик кылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 997
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×