Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Ак-талаалык мугалим Д.Карабекова ырчылыгы менен Таиланд, Кипрга чейин барган (фото)

Turmush -  Нарындагы Ак-Талаа районунун Баетов айылындагы Ш.Бейшеналиев атындагы мектептин 52 жаштагы мугалими Динара Карабекова ырчылык өнөрүнүн арты менен көптөгөн кароо-сынактарга катышып, чет өлкөлөргө жолдомо алган. Таланттуу мугалим менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын айтымында, Жалал-Абаддагы Тогуз-Торо районунун Арал айылында туулган. Кесиби боюнча орус тилчи мугалим. Телеканал тарабынан уюштурулган «Эл ичи — өнөр кенчи» сынагында алдыңкы орунду ээлеп, Таиланд жана Кипр өлкөлөрүнө барып келүүгө жолдомо алган.

«Мен институтта окуп жүргөндө эле ырчылыкка аябай кызыгып, ошол кезде эле облустарды, райондорду кыдырып концерт тартуулачубуз. Бирок. кийин үй-бүлөлүү болгон соң чыгармачылыктан бир топ алыстап кеттим. Ырчылык өнөр ата-энемден калган. Алар жакшы ырдаган таланттуу адамдар эле. Ал эми, аталган сынакта жердешим Бактыгүл Токсобаева экөөбүз дует ырдап чыгып, ийгиликке жетиштик», - деди Д.Карабекова.

Мугалим-ырчынын жолдошу Абдимидал Мусабаев экөө 5 баланы өстүрүштү. Жолдошу кесиптик лицейде мугалим болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1097
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×