Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 25-сентябрь
68.46    82.09    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: Жумгалдык Р.Жунушалиев айылга жыгач тилүүчү жабдык алып келип, жумуш орундарын түздү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Байзак айылынын 39 жаштагы тургуну Руслан Жунушалиев айылга жыгач тилип, пескоблок чыгара турган жабдыктарды алып келип, жумуш орундарын түздү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 2016-жылы жыгач тилүүчү жабдыкты 300 миң сомго чейин алып келсе, мындан 3 жыл мурун пескоблок чыгаруучу каражатты 150 миң сомго сатып келип иштетип баштаган. Анын ишканасында учурда 5 адам иштеп жатат.

«Кардарлар атайын буйрутма берип, бактарын тилдирип тактай кылып кетишет. Бактарга жараша акы алынат. Ал эми, пескоблоктун 1 даанасы 27 сомдон сатылууда. Учурда иш өз нугунда жүрүп жатат. Келечекте айыл жергесиндеги жумушсуз жүргөн жаштарды иш менен камсыз кылсамбы деген максатым бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 723
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу