Бөлүмдөр
Шейшемби, 19-сентябрь
68.43    81.71    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Айыл турмушу: 29 жыл төрөтканада иштеген А.Абдыева кайненеси 67 жыл мурун жасаган килемчени сактап жүрөт (фото)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын 65 жаштагы тургуну Алтын Абдыева кайненеси жасап кеткен буюмдарды өзүнүн небере-чөбөрө келиндерине өткөрүп берүүнү максат кылып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, кайненеси Анаке Босунбаева 1955-жылы жасаган килемчени мураска калтырып кеткен.

«Апам иштүү болуп, улуттук буюмдардын түрүн жасап, мага дагы үйрөткөн. Жасаган кол эмгектерин кыздарына сеп кылып берсе, мага өзү сайган килемчени мураска калтырып кеткен. Ал килемче 67 жыл мурун жасалган. Мындан тышкары 75 жылдан бери сакталып келе жаткан жаргылчак дагы бар. Кайненем калтырган мурас менин баалуу буюмдарым десем болот. Мындай эмгектерди небере-чөбөрө келиндериме өткөрүп берем.

Жолдошум жыгач уста. Ал 1975-жылы өзү жасаган сок билек азыркы күнгө чейин сакталып турат», - деди ал.

А.Абдыева 29 жыл төрөт үйүндө акушер болуп эмгектенип, учурда кол өнөрчүлүк менен алектенүүдө.

«1971-жылы Нарын шаарындагы медициналык колледжден акушер болуп чыгып, ошол жылдан баштап 2000-жылга чейин Жерге-Тал айылындагы төрөтканада эмгектендим. Учурда шырдак, көлдөлөң, килемчелерди жасап, неберелериме сеп камдап жатам.

Жолдошум М.Төлөнчүев экөөбүздүн баш кошконубузга быйыл 46 жылдын жүзү болуп, 4 кыз, 3 уулду тарбиялап, жогорку окуу жайга окуттук. Алардын арасынан 2 кызым менин жолумду жолдоп, дарыгер болушту. Балдарымдын улуусу 45 жашта болсо, кичүүсү 28 жашта. «Баатыр эне» медалын 1989-жылы алдым. Учурда биздин 23 неберебиз бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 745
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу