Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-ноябрь
69.75    82.21    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: 58 жаштагы С.Садыков Жумгалдагы бакчасына жер-жемиштин түрүн өстүрүүдө (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылынын 58 жаштагы тургуну Сыпарбек Садыков мамлекеттик жумуштан сырткары ар түрдүү жер-жемиштерди өстүрүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

С.Садыков Бишкек шаарында иштегенден кийин 1981-жылы айылга келип, 27 жыл райондук автобазада жетекчи, 3,5 жыл райондук айыл чарба департаментинде башчы болуп эмгектенген. Учурда райондук техинспекциясынын башчысы.

С.Садыков бош убактысында үйүндөгү бакчасын иштетет. Анда, 40 түп алма, 100 түп карагат жана өрүк, малина жана кулпунай бар. Андан сырткары, помидор, капуста, бадыраң, сарымсак өстүрөт. Ал күзүндө уруктарды алып коюп, жаз алды менен отургузуп, андан кийин бакчасына эгип чыгат.

«Сабиздин бир кашык уругуна 1 стакан кумду кошуп тигем. Сабиз 40 күндө өнүп чыгат. Жумуштан келгенде эле бакчага жөнөйм», - деди С.Садыков.

Анын учурда 2 уул, 2 кыз жана 10 небереси бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1092
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×