Бөлүмдөр
Шаршемби, 22-ноябрь
69.7    81.81    1.17    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Ак-талаалык 64 жаштагы Т.Майрыкеев айылдагы автоунааларды оңдоп, жердештерине кызмат көрсөтүп келет (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын 64 жаштагы тургуну Токе Майрыкеев СССР тарагандан бери автоунааларды оңдоп, андан тапкан каражат менен үй-бүлөсүн багып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Токе ата улгайдым дебей жердештеринин автоунааларын оңдоп, көңүлдөрүн алат. Бир автоунаанын астыңкы бөлүгүн толугу менен 3 миң сомго, ал эми моторун 6 миң сомго оңдоп, айына 20 миң сомго чейин киреше табат. Кайрылган кардарлардын аягы үзүлбөй, күнүнө 5-6 кардар келип, автоунаасын оңдотуп кетишет. Ал тургай талаа-түздө же жолдо бузулуп калган автоунааларды да атайын барып оңдоп берип, кылган ишине жараша акысын алат.

«1973-жылы аскерде жүргөндөн баштап СССР тараганча чейин айдоочу болуп иштедим. Союз тарагандан кийин жумушсуздук күч алды. Ал кезде бул жакта автоунаалар аябай эле аз болчу. Айла жок Бишкекке барып, 3-4 жылдай автоунаа ондоп иштедим. Кийин айылдарда автоунаалар көбөйө баштаганда айылыма кайра келип, минтип өз короомо автоунаа оңдоочу жай ачып, үй-бүлөмдү багып келем. Мурун жардамчым бар болчу. Азыр баарын өзүм эле жалгыз жасайм. Айрым учурларда байбичемди жардамга чакырам. Кудайга шүгүр, жумуш жок дебей, өзүңдү өзүн иш менен камсыздап алсаң болот экен», - деди Т.Майрыкеев.

Т.Майрыкеев 1978-жылы жубайы Жамалкан Мамырова менен баш кошуп, 2 уул, 4 кызды тарбиялап өстүрүштү. Алар небере күтүп, бактылуу карылыктын доорун сүрүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1310
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×