При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Видео - Чолпон Султанбекова Кадамжайда 400дөн ашуун адамга ооз ачыруу иш-чарасын уюштурду

Turmush -  Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова Кадамжай районунда жеке өзүнүн атынан орозо кармаган жашоочулар үчүн ооз ачыруу иш-чарасын уюштурду. Ага район аймагындагы аксакалдар, баатыр энелер, аз камсыз болгон үй-бүлө мүчөлөрү, район активдери болуп, жалпы 400дөн ашуун адам чакырылган.

Анын алкагында Ч.Султанбекова элди Рамазан айы менен куттуктап, дин кызматкерлери орозонун пайдасы тууралуу баян кылышты.

«Орозо күндөрү эл менен жолукканыма бактылуумун. Рамазан айында жалпыңыздарга жакшылыктарды каалайм. Кадамжай району эң алдыңкы район. Мындан ары да өнүгө берсин», - деп кошумчалады Ч.Султанбекова.

Кадамжай районунда жыл сайын Рамазан айына карата «Баяман» фондунун эсебинен ооз ачыруу иш-чарасы уюштурулуп турат. Ошондой эле, Ч.Султанбекова тарабынан ар кандай колдоолор көрсөтүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1209
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу