Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: 1-класстан 3-класска которулган нарындык Т.Жуманазаров 7 жашында ишкерлик менен алектенип баштаган (фото)

Turmush -  Нарындык Темирлан Жуманазаров 1-класс кезинде эле тасмалардагы, сериалдардагы актер, актрисалардын сүрөттөрүн ксерокөчүрмөдөн чыгарып алып сатып баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Темирлан Жуманазаров 1994-жылы Нарын шаарында төрөлгөн. 1 жашында ата-энеси менен Бишкек шаарына көчүп келип жашап калган. Атасы Таалайбек Алыбаев учурда алдыңкы юристтердин бири катары таанылса, апасы Динара Алыбаева чет тилинен мугалим.

Темирлан Бишкек шаарындагы №29 мектеп-гимназиясына 1-класска кирип, жакшы окуганы үчүн дароо 3-класска которулган. Өзүн дайыма тың жана тыкан алып жүргөн Темирлан 1-классында «Бригада» сериалындагы актерлордун сүрөттөрүн 1 сомдон ксерокөчүрмөдөн өткөрүп алып, дүкөн кыдырып 5 сомдон сатып чыкчу экен.

«Атам да, апам да маданиятка жакын адамдар. Экөө тең комуз, аккордеон чертип ырдашат. 7-класстан баштап мен дагы ырдап жүрдүм. Маданий иш-чараларды өткөрүп, кароо-сынактардан алдыңкы орундарды жеңип алууга жетиштим. 8-9-класста косметикалык каражаттарды саткан компаниялардын биринде сатуучу болуп иштеп, 9-классты бүткөндөн кийин юридикалык колледжге өттүм.

Окуп жүргөндө ата-энем жол кире деп берген 50 сомдун 30 сомун чогултуп жүрүп кийинип, керектүү окуу куралдарды алчумун», - деди Т.Жуманазаров.

Темирлан 2012-жылы колледжди бүтүп, Кыргыз мамлекеттик юридикалык академияга кабыл алынган. Бирок, эки айдан кийин окуусун таштап койгон. Ушул эле жылдын күз айында агасы менен бирге Кытайдан мобилдик телефон, планшеттерди ташып иштеп калышкан. Жайында Ысык-Көлдүн Бостери айылында ижарага велосипед берүүчү жайды ачкан.

«Кыргызстанда бренд болгон товарларды алып келип сата баштадык. 2014-жылы Кытайдан телефонду кошумча кубаттоочу жабдыктарды, селфи таякчаларын ж.б керектүү аксессуарларды алгачкылардан болуп биз алып келгенбиз. Чоң-чоң компаниялар буйрутма берип, соода түйүндөрү да ала башташкан. Азыр деле ушул жаатында ар кыл багыттагы товарларга буйрутма алып иштейбиз. Андан сырткары кайрымдуулук иштерине активдүү катышып, атайын топ түзүп алып, жардамга муктаждарга колдоо көрсөтүп келем. Ошондой эле, ири бизнес форумдарга катышып, тажрыйба топтоп жатам. Адам баласы пейилди кенен койсок бүт барына жетишсек болот», - деди Т.Жуманазаров.

Ал үй-бүлөдө 5 бир тууган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3061
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×