Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-октябрь
68.58    80.93    1.19    KZT 0.2
Ош

Фото - Ошто 7 жылдан бери оор кылмыш боюнча издөөдө жүргөн «Казак» кармалды

Turmush -  Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери 2010-жылдан бери өтө оор кылмышка тиешеси бар деп издөөдө жүргөн шектүүнү колго түшүрүштү. Расмий маалымат боюнча, 36 жаштагы «Казак» каймана аты менен таанылган шектүү уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү жана буга чейин бир нече ирет сот жоопкерчилигине тартылган. Ал Өзгөн районунун тургуну.

Учурда Э.К. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал акыркы убактарда Россия Федерациясында кылмыштуу топтор менен биргеликте кылмыштуу иштерге аралашып жүргөнү да малым болду. Тергөө иштери улантылып жатат.

Бул жарандан жабыркагандар Ош ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө кайрылса болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3117
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:16,   21.10.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×