При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Жерге-Талдагы фестивалда кыз куумайга түшкөн кыз аттан кулады (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Жерге-Тал айылында Ыйман, адеп жана маданият жылына карата өткөн «Улуттук каада-салт» фестивалында кыз куумай оюнуна түшкөн кыз аттан кулап түштү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, дарыгерлер чакырылып, аттан жыгылган кызга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыз Жерге-Тал айылынын тургуну болгон.

Аталган фестиваль Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган. Иш-чара улуттук каада-салтты өркүндөтүү, жаштарга улуттук каада-салттык тарбия берүү, айылда туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт. Айыл тургундары, коноктор жана жаштар күбө болгон фестиваль кыргыздардын көчүп келүүсүн чагылдыруу менен башталды. Андан кийин улуттук салттар көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Жаа атуу, тыйын эңмей, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар да ойнолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 10435
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу