При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Фото - Жерге-Тал айылында «Улуттук каада-салт» фестивалы жыйынтыкталды

Turmush -  Нарын районундагы Жерге-Тал айылында Ыйман, адеп жана маданият жылына арналган «Улуттук каада-салт» фестивалы өттү. Иш-чара улуттук каада-салтты өркүндөтүү, жаштарга улуттук каада-салттык тарбия берүү, айылда туризмди өнүктүрүү максатын көздөйт.

Айыл тургундары, коноктор жана жаштар күбө болгон фестиваль кыргыздардын көчүп келүүсүн чагылдыруу менен башталды. Андан кийин улуттук салттар көрсөтүлүп, кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү уюштурулду. Жаа атуу, тыйын эңмей, кыз куумай сыяктуу улуттук оюндар да ойнолду.

Фестивалга мектеп окуучулары да катышып, өздөрүнүн колунан жасалган буюмдарын көргөзмөгө коюшту. Ошондой эле, көрүүчүлөргө окуучулардын концерттик программасы тартууланып, комузда күү чертилип, ыр ырдашып, «Манас» эпосунан үзүндү айтышты. Жыйынтыгында калыстар тобунун чечими менен алдыңкы катышуучулар баалуу белектер менен сыйланды.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 896
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу