При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Кочкордо «Хонда Стрим» оодарылып кетип, 18 жаштагы 3 кыз ооруканага түштү

Turmush -  Нарын облусунун Кочкор районунда оодарылып кеткен жеңил унаанын ичиндеги 18 жаштагы жүргүнчү кыздар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин Патрулдук милиция кызматынын башчысынын орун басары Тилек Оторов билдирди.

Маалым болгондой, Кочкор айылынын 54 жаштагы тургуну И.А. «Хонда Стрим» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кочкор айылынан Орто-Токой суу сактагычын көздөй бара жаткан. Кечээ, 15-июнда болжол менен саат 21:00 чамасында башкаруусун жоготкон унаа Бишкек—Торугарт унаа жолунун 213-чакырымында кырсыкка учураган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, аталган унаанын ичинде айдоочудан тышкары 18 жаштагы үч жүргүнчү кыз болгон. Кырсыктын кесепетинен унаанын ичиндегилер ар кандай жаракат алып, ооруканага жеткирилди.

Окуя болгон жерге барган патрулчулар тиешелүү материалдарды Кочкор РИИБдин тергөө бөлүмүнө өткөрүп берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1704
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×