При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Ат-Башынын 3 айылында маданият үйү жок, иш-чаралар эшикте өтөт

Turmush -  Ат-Башы районунун 3 айылында маданият үйүнүн жоктугунан иш-чаралар мектептерде жана ачык асман алдындагы көк шибердин үстүндө өткөрүлөт. Бул тууралуу аймактык кабарчыга акимдин орун басары Ажар Дүйшөналиева билдирди.

Анын айтымында, райондогу 11 айыл өкмөттүн ичинен Талды-Суу, Ача-Кайыңды, Ак-Тал айылдарында маданият үйлөрү жок.

«Учурда биздин райондун Талды-Суу айылында маданият үйүнүн дубалдары эле турат. Мурун бул маданият үйү тонолуп кеткен. Ал кантип тонолгонун билбейбиз. Бул тууралуу мамлекеттик органдарга кайрылып, териштирүү иштерин жүргүзүп берүүнү суранганбыз. Азыр ошол айылдагы маданият үйүн кайра калыбына келтирүү үчүн оңдоп-түзөө иштерине каражат таппай жатабыз. Ошондой эле, райондогу Ача-Кайыңды жана Ак-Тал айыл өкмөттөрүндө да маданият үйү жок. Бирок, маданият үйү жок деп кол куушуруп отура бербей иш-чараларды мектептерде, ачык асмандагы көк шибер үстүнө өткөрүп жатабыз», - деди А.Дүйшөналиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 633
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:29,   21.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу