Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Нарындык окуучулар футбол боюнча облустун чемпиону болушту (фото)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Баетов айылында мектеп окуучулардын арасында футбол боюнча Нарын облусунун чемпионаты болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга машыктыруучу Нурлан Акунов билдирди. Маалым болгондой, эки күнгө созулган мелдешке 13 жаштагы окуучулардан түзүлгөн Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунун, Нарын шаарынын жана «Намыс» кыздар командалары катышты.

Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Нарын шаарынын, 2-орунду Ат-Башы, ал эми 3-орунду Ак-Талаа районунун командалары алышты. Нарын шаарынын командасына кубок, медалдар жана 1-даражадагы диплом тапшырылды. Ал эми, Ш.Кайбалиева «Мыкты дарбазачы» («Намыс» командасы), К.Связбеков «Мыкты коргоочу» (Ак-Талаа району), Жолдошбек уулу Нурсултан «Мыкты жарым коргоочу» (Нарын району), Б.Бактыбеков «Мыкты оюнчу» (Ат-Башы району), А.Кенжешов «Мыкты чабуулчу» (Нарын шаары) деген наамдарга ээ болуп, ардак грамоталар жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1174
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×