Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Кочкордун Төлөк айылындагы жолду суу каптап, унаа каттамы жабылды

Turmush -  Кочкор районундагы Соң-Көл айыл аймагына караштуу Төлөк айылында кечээ, 14-июнда саат 15:30 чамасындагы жамгырдан улам кыян суу жүрдү. Бул аймактагы 1 турак жайдын короосун суу каптап кетти, деп билдирди ӨКМ.

Ошондой эле, Төлөк—Соң-Көл унаа жолунун 7-15-чакырым аралыгындагы коктулардан сел агындылары түшүп, унаа жолду кум-шагылга толтурган. Учурда бул жолдо унаалар үчүн каттам токтотулду.

Жолду тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине №14 жол тейлөө ишканасынан керектүү техникалар жөнөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 651
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×