Бөлүмдөр
Ишемби, 21-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Жаш талант: Жумгалдык Н.Замирбекова сүйүү темасындагы чыгармаларды даңазалап ырдайт (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Таш-Дөбө айылында 2000-жылы төрөлгөн Нуркыз Замирбекова 9 жашынан бери ырдап, бий бийлеп, маданий иш-чараларга катышып келет. Аймактык кабарчы жаш талант менен таанышты.

«Мен аталган айылдагы Таш-Дөбө мектебинин 10-классын аяктадым. Ырга болгон кызыгуум 9 жашыман башталды. Көбүнчө сүйүү темасындагы чыгармаларды аткарам. Мындан тышкары бийлегенди жана сүрөт тартканды жактырам. Келечекте Кыргызстанды дүйнө элине тааныткан ырчы болсом деп кыялданам», - деди ал.

Жаш ырчы үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсү.

«Атамдын аты Замирбек, апамдын ысымы Лариса. Өзүм 7 бир тууганмын. 3 байкем, 3 иним бар» - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1970
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×