При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

«Мекендештер»: АКШ өкмөтүнүн акысыз лотереясын жеңген А.Азакеева Американын жарандыгын алды (фото)

Turmush -  Талас шаарында төрөлгөн 29 жаштагы Айпери Азакеева 7 жылдан бери Америкада үй-бүлөсү менен бирге жашап, ал жердин жарандыгын алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Азакеева орто мектепти аяктагандан кийин Бишкектеги Кыргызстан эл аралык университетинин лингвистика бөлүмүнө өткөн.

«Мектепте окуп жүргөндө чет өлкөлөргө барып келсем деп кыялданчумун. Ал кыялым жогорку окуу жайдан орундалды десем болот. Жайкы эс алууда келишимдин негизинде Дубайга баруу мүмкүнчүлүгү түзүлдү», - деди Айпери.

Мекендешибиз 2010-жылы өзүнүн курсташы Тилек Эгембердиевге турмушка чыккан.

«2010-жылы жолдошум экөөбүз АКШ өкмөтү тарабынан жыл сайын өтүп туруучу акысыз лотереясына катышып, Америкага баруу укугун алганбыз. Башында 1-2 жыл жүрөбүз деп келгенбиз. Бирок, өнүгүүгө көп мүмкүнчүлүктөр бар экенин көрүп, бул жерде калууну чечтик», - деди мекендешибиз.

Иллинойс штатынын Чикаго шаарында жашаган Айпери Азакеева Американын көп жерин кыдырып чыккан. «Чикаго шаарында кыргыздар көп. Башка шаарларга салыштырмалуу анча чоң эмес, бирок абдан кооз шаар. Бул жерде жашоо арзан. Нью-Йорк чоң болгону менен өтө кымбат шаар.

Үйдөн кыргыздын улуттук тамак-аштарын жасайм. Жолдошумдун кесиби юрист, бирок ширетүүчүнүн окуусунда билим алып, учурда ушул тармакта эмгектенүүдө.

Америкада ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдын укугу биринчи орунда турат. Мисалы, жолдо, метродо кетип бара жатып мындай адамдарды көрүп калсаң, өзгөчө сый көрсөтөсүң. Жада калса унаа токтоочу жайларда алар үчүн орундар каралган. Бул жерде мыйзам баарыбызга бирдей. Мыйзамды бузган адамдарга айып пул жогору коюлган. Америкада мыйзам иштейт», - деди ал.

Мекендешибиз учурда экинчи наристесин күтүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2074
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
Djoni1010
16:02, 17 июня 2017
Кыргызстанды чанып кеткени үчүн буларга суктанайлыбы же мекенди алмаштырды деп түшүнөбүзбү, жаңылыктын мааниси эмнеде?
Көп окулду
×