При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Жумгалдын Арал айылындагы бодо малдар шарп менен ооруп жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Арал айылында бодо малдар шарп оорусу менен массалык түрдө ооруп жатышат. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, айылдагы уйлар менен музоолордун ооздорунан шилекей агып, оттобой жаткандыктан ветеринарлар текшерип чыгышкан. Текшерүүнүн жыйынтыгында, малдардын оорусу шарп дарты экендиги аныкталып, дарылоо иштерин жүргүзүшкөн. Бирок, дарылоо жакшы жүргүзүлбөй жатканына нааразы болгон тургундар карантин киргизүүнү суранууда.

Бул маселе боюнча Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы Элмира Мамбетова ветеринарларга тапшырма бергенин жана дарттын алдын алуу иштери жүрүп жатканын билдирди.

Ал эми, ветеринарлар оорулар Чүйдөн алынып келген мал-жандыктардан жугуп жатканын айтып, айылдагы бодо малдарды дарылоо тынымсыз жүргөнүн белгилешти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 510
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×