При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Учкундуктар айылга таза суу тартуу үчүн 15 миң сомдон акча чогултуп жатышат, - Айыл өкмөт (фото)

Turmush -  Нарын районунун Учкун айылына таза суу тартуу үчүн айыл тургундары каражат чогултуп жатышат. Бул тууралуу айыл башчы Жумакадыр Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, таза сууну Тоок сарай участкасынан тартып келүүгө жалпы 4,5 млн сом керектелгендиктен айылдагы ар бир түтүнгө 15 миң сомдон бөлүнгөн.

Айылда жалпы 600 түтүн калк жашайт, анын ичинде жакыр жашагандар бар. Алар 10 чакырым жерге таза суу түтүктөрүн орнотуу иштерине катышат.

IMG_4146

«Каражат август айынын аягына чейин чогултулуп, сентябрь айында таза суу тартуу иштери башталат. Тартылып келе турган суу текшерүүдөн өтүп, ичүүгө жарактуу деп табылган», - деди Ж.Исмаилов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 543
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
16:29,   21.08.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу