При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шаршемби, 28-июнь
68.85    76.91    1.15    KZT 0.21

Ынтымак айылынын тургундары майрамдарга арнап боз үй сатып алышты (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын тургундары каражат чогултуп, айылга керектүү боз үй, казан жана идиш-аяктарды сатып алышты. Turmush басылмасынын кабарчысы билдиргендей, бул боз үй жана идиш-аяктарды айыл тургундары ар кандай майрамдарда колдонушат.

Өмүр бою каржы тармагында иштеген 73 жаштагы Нуркыз Дүйшөналиеванын айтымында, айылдагы 15 үй-бүлө ынтымактуу катташып турушат.

«Ушул айылга 1964-жылы келгем. Мурда биздин айылда ар улуттун өкүлдөрү жашашчу. Мисалы, аркы бетте орустар жашап келген. Көп жыл мурун отурукташкан айылдын эли өтө ынтымактуу болушкан. Азыркы учурда 15ке чукул түтүн эл  катташып турабыз. Ар бир жакшылыкта колдонуп туралы деп, кыргыздын боз үйүн идиш аяктары менен сатып алдык», - деди ал.

Айылдын дагы бир тургуну Анара Боронбай кызы мындай саамалыкты эстафета катары башка айылдарга сунуштап жатканын билдирди.

«Айылда нечендеген карыялар жашап өткөн, алардын акыл-насааттарын алып, келечек муунга таалим-тарбия берип келебиз. Биздин айыл мактанарлык айыл» , - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 465
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×