При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Кочкордун Кум-Дөбө айылында 50 миң евролук музей куруу пландалып жатат (фото)

Turmush -  Кочкордун Кум-Дөбө айылына француздар 50 миң евролук музей курууну пландаштырып жатышат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына Кум-Дөбө айылынын тарых изилдөөчүсү Кайырбек Коңурбаев билдирди.

Маалым болгондой, музей куруу тууралуу француздар Кум-Дөбөдөгү орто кылымга таандык жер алдындагы шаардын ордун жана Кайырбек Коңурбаевдин үй музейин көргөндө айтышкан.

К.Коңурбаев айылдагы айдоо жерлерден табылган артефактыларды, бышкан кыштан салынган жер астындагы шаардагы имараттардын калдыктарын кырк жыл бою өз алдынча изилдеп, жер үстүнө чыгып калган тарыхый табылгаларды чогултуп. үйүнө музей ачкан. Эгерде француздар тарабынан музей курулса, анда К.Коңурбаевдин чогулткан экспонаттары жайгаштырылат.

Тарых изилдөөчү 1948-жылы Кум-Дөбө айылында туулуп, Бишкек шаарындагы №1 кесиптик окуу жайдан киномеханик кесибин алган. Чарбада киномеханик жана башка кызматтарда иштеп жүрүп, 1996-жылы ардактуу эс алууга чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 906
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу