Бөлүмдөр
Жума, 20-октябрь
68.65    81.04    1.19    KZT 0.21
Нарын

Видео, фото - Чаектин көчөлөрүн нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян каптады

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айыл аймагын кечээ, 13-июнда болжол менен саат 16:00 чамасында нөшөрлөгөн жамгырдан кийин кыян суу каптады. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Узун-Булак, Базаркандын коктусунан түшкөн кыян суу Кара-Жээк аймагын, Чаек айылындагы жолдорду каптап, айрым үйлөрдүн ичине чейин кирген. Суу каптаган аймакка жергиликтүү бийлик, ӨКМдин Жумгал району боюнча өкүлчүлүгү, райондук суу чарба, өрткө каршы кызматы жана электр тармактар ишканасынын кызматкерлери барышты.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кыян суудан адамдар жабыр тарткан жок, 10го жакын турак жайды суу каптаган. Тиешелүү адистер тарабынан келтирилген чыгымдар аныкталууда.

«Жылына эле ушул коктудан кыян суу түшөт. Суу каптоонун алдын алуу иштери жүрбөгөндүктөн элдер жабыр тартып жатышат. Эмне үчүн кыян жүрүп, айылды каптап, үйлөрүбүзгө чейин киргенден кийин дамба коюп кыймылдап баштайбыз? Бул иштерди мурун эле аткарып койсо болбойбу?», - деди айыл тургундары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1554
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×