При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Айыл турмушу: Чаектик багбан Б.Шайдинова айылга келген коноктор үчүн мейманкана ачты (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айылынын 64 жаштагы тургуну Бериза Шайдинова үйүндө багбанчылык менен алектенет Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Анын бакчасында бадыраң, помидор, сабиз, кызылча, алма, өрүк, малина жана кулпунайдын түрү отургузулган. Райондо бадыраңдардын сабы эми чыгып, помидорлордун көчөттөрү тигилип жатса, Бериза апанын жер-жемиштери гүл ачайын деп калды.

«Жер-жемиштерди атайын жер семирткичтердин жардамы менен тез өстүрөм. Өзүм үч баланын энесимин. Сегиз неберем бар. Убагында Т.Турсунбаева атындагы орто мектебинде кыргыз тил сабагынан мугалими болуп иштеп, ардактуу эс алууга чыккам. Учурда үй-тиричилик менен алектенем. Андан сырткары, чоң үйүбүздү мейманканага айландырып, районго келген конокторго кызмат көрсөтүп жатабыз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1141
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу