При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Ишемби, 19-август
68.71    80.62    1.16    KZT 0.21

Кызыл-Жылдыздагы жаңыртылган суу түтүктөрү 3 айдан кийин жарактан чыкты, - тургундар (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айылында бир жумадан бери таза суу жок. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, өткөн жылы аталган айылдагы суу түтүктөр жаңыртылып, ушул жылдын март айында ишке берилген. Аткарылган иштерге сарпталган каражаттын жалпы суммасы 509 миң 600 сомду түзүп, долбоор БУУнун Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү программасынын жардамы менен ишке ашкан.

Бирок, көп узабай суу түтүктөрү жарактан чыгып, айылда бир жумадан бери суу акпай калды. Эл сууну арыктан, сайдан жана булактардан ташып келүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 800
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу