При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Нарында ооз ачыруу иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Нарын шаарында 11-июнда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы Катар мамлекетинин Кыргызстандагы элчилиги менен биргеликте 100 адамга ооз ачыруу иш-чарасын уюштурду. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Ага аталган башкармалыктын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов, Нарын облусунун казысы Мамбетасан Ибраев, Нарын шаарынын имамдары жана жергиликтүү эл катышты. Ооз ачууга келген адамдарга Равшан ажы Эрматов менен облус казысы Мамбетасан Ибраев Рамазан айынын берекеси тууралуу баян айтышты.

Ошондой эле, 9-июнда Нарын районуна караштуу 8-Март айылында да ооз ачыруу иш-чарасы болду. Ага айылдын орозо кармаган 100дөн ашуун жашоочусу, айыл башчысы жана Нарын районунун баш имам хатиби Кумарбек Орозалиев катышты.

Райондун баш имамы ооз ачууга келген элге кызыктуу баяндарды айтты. Ошондой эле, таасирдүү тасмалар көрсөтүлдү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1088
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу