Бөлүмдөр
Ишемби, 16-декабрь
69.75    82.48    1.19    KZT 0.21
Нарын

Кара-күңгөйлүк айдоочу Э.Эсенгулов айылындагы жолду оңдотуп берди (фото)

Turmush -  Кочкор районуна караштуу Кош-Дөбө айыл аймагындагы Кара-Күңгөй айылынын жолдоруна кум төгүлүп, түздөлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, кочкорлук Эрнис Эсенгулов жердештерине жардам катары жолдорго кум төктүрүп, түздөтүп берди. Мындан тышкары, айылдагы Аблес уулу Алайдар атындагы орто мектебинин спорттук аянтчасына да кум төгүлүп, түздөлдү.

1982-жылы төрөлгөн Эрнис Эсенгулов Бишкек шаарында айдоочу болуп эмгектенет. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1329
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×