При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

«Мекендештер»: Түркияда иштеген А.Арзыматов эмерек чыгарган цехти башкарып жатат (фото)

Turmush -  Нарындык Адилет Арзыматов Түркия мамлекетинде иштеп жатканына бир жыл болду. Ал бул жерде заманбап үлгүдөгү эмеректерди жасап, иши ийгиликтүү жүрүп жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Адилет Арзыматов Нарын районуна караштуу Жан-Булак айылында 1992-жылы жарык дүйнөгө келген. Орто мектепти аяктаган соң, Москва ишкердик жана укук институтунун Бишкек филиалынын экономика факультетин бүтүргөн.

«Түркия өнүккөн мамлекет экен. Өлкөнүн кооздугу сырттан келгендерди өзүнө тартып турат. Бизге шаарлардын тазалыгы, иреттүүлүгү жакты», - деди жаш уста.

Ал үй-бүлөдө 5 бир туугандын экинчиси. Эжеси, эки иниси жана карындашы бар.

«Кичинекей кезимде чет өлкөгө чыксам деп кыялданчумун. Ошол кыялым орундалды», - деди А.Арзыматов.

Жаш уста келечекте Кыргызстанда эмерек жасоочу цех ачууну пландоодо. «Анкарага жаңы келгенде цехке жумушчу болуп киргем. Станокту тез үйрөнгөндүктөн жетекчиликке жагып, цехтеги жумушчуларга башчылык кылуу сунушу түштү. Азыр ошол адамдар менен иштешип жатабыз», - деди мекендешибиз.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1304
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
17:39,   22.08.2017   ( 2 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу