Бөлүмдөр
Жекшемби, 27-май
Нарын

Кара-Чий айылында жаңы бала бакчанын курулушу башталды (фото)

Turmush -  Нарын районундагы Кара-Чий айылында 50 балага ылайыкталган жаңы бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райадминистрациянын бөлүм башчысы Азат Идирисов билдирди.

Маалым болгондой, бала бакчанын капсуласын салуу иш-чарасына тургундар, айыл аксакалдары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө Нарын райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Роза Жумаева айылда алгачкы жолу курулуп жаткан бала бакча ак жолтой болуп, келечекте мекен үчүн кызмат кылган балдардын тарбияланып чыгышын каалады.

Бала бакчанын курулушуна АРИС аркылуу 11 миллион 700 миң сом бөлүнгөн, ал эми жергиликтүү калк өздүк салым катары 1 миллион 300 миң сом кошушту.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2131
×