При поддержке MegaCom

Бөлүмдөр
Шейшемби, 22-август
68.74    80.7    1.16    KZT 0.21

Фото, видео: Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун ортосундагы спорттук мелдештин жеңүүчүлөрү аныкталды

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунда волейбол жана шахмат боюнча өткөрүлгөн райондор аралык спорттук мелдеш жыйынтыкталып, жеңүүчүлөр аныкталгандыгын аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Ак-Талаа жана Тогуз-Торо районунун ортосундагы ынтымакты чыңдоо, спорттук иш-чараларды биргеликте өткөрүү максатында 2 күнгө созулган мелдеш өттү.

Волейбол боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- Тоголок Молдо айылынын командасы 1-орунду алып, 15 миң сом, диплом жана кубок менен сыйланышты;
- Үгүт айылынын командасы 2-орунду камсыздап, 10 миң сом, диплом жана баалуу белектерди алышты;
- Кара-Бүргөн айылынын командасы 3-орунду ээлеп, 9 миң сом, диплом жана баалуу белектер ыйгарылды.

Шахмат боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

- 1-орунду Тогуз-Торо районунан М.Акматбеков алып, 1500 сом жана диплом менен сыйланды;
- 2-орунга ээ болгон Ш.Турганбаевге 1 миң сом тапшырылды;
- 3-орунду З.Абдыралиев ээлеп, 500 сом менен сыйланды.

Андан сырткары, «Мыкты оюнчу» наамы менен бир катар спортчулар сыйланышты.

Мелдештин жалпы байге фондусу 44 миң сомду түзүп, бул каражат Ак-Талаа районунун айыл өкмөттөрү тарабынан каржыланса, диплом, баалуу белектер спорт комитети тарабынан берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 950
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу